Министр Кажыр Сауд Арабиянын инвестиция министри менен жолугушту

Кажыр социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө Аль-Фалих менен Стамбулда жолугушкандарын айтты.

2103883
Министр Кажыр Сауд Арабиянын инвестиция министри менен жолугушту

Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр, Сауд Арабиянын инвестиция министри Халид А. Аль-Фалих менен экономикалык карым-катнаштарды дагы да алдыга жылдыра турган кадамдар боюнча кеңешкендерин айтты.

Кажыр социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө Аль-Фалих менен Стамбулда жолугушкандарын айтты.

Жолугушууда экономикалык карым-катнаштарды дагы да алдыга жылдыра турган кадамдарды сүйлөшүшкөнүн белгилеген Кажыр:«Биз Сауд Аравиянын 2030 Көз карашы жана Улуттук технологиялык кыймылынын кесилишкен аймактарында өз ара инвестицияларды көбөйтүү, өнөр жай секторлорубузду интеграциялоо жана санариптик экономика, ишкердик жана инновация тармактарында кызматташууну өнүктүрүү үчүн иштейбиз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар