Түркия менен Венгриянын ортосунда протоколго кол коюлду

Түркия - Венгрия экономика жана соода биргелешкен комиссиясынын (ETOK/JETCO) 1 - мөөнөт жыйналышына байланыштуу протоколго министр Болат менен Венгриянын тышкы иштер жана тышкы соода министри Петер Сийярто кол коюшту.

2102947
Түркия  менен  Венгриянын ортосунда протоколго кол коюлду

Соода министри Өмер Болат Венгрия менен жылдык 6 миллиард долларлык соода максатына кыска убакытта жетиле тургандыгын айтты.

Түркия - Венгрия экономика жана соода биргелешкен комиссиясынын (ETOK/JETCO) 1 - мөөнөт жыйналышына байланыштуу протоколго министр Болат менен Венгриянын тышкы иштер жана тышкы соода министри Петер Сийярто кол коюшту.

Болат борбор шаар Анкарада министрликтеги кол коюу аземинде  ETOK/JETCOдо сөз сүйлөдү.

Түркия менен Венгриянын ортосундагы сооданын  2023 -  жылы да өсүшүнөн кубанычтуу экендигин баса белгилеген Болат : "Эки тараптуу соодабызды  4 миллиард долларга чыгардык",- деди. 

Эки өлкө ортого салган  жылдык 6 миллиард долларлык  соода максатына  кыска убакытта жете турганын белгилеген Болат, Түркиядан Венгрияга жаратылыш газ экспортунун быйыл башталышы эки тараптуу сооданы дагы жогорку көрсөткүчкө чыгара турганын белгиледи.

Министр Болат аба транспортунда эки өлкөнүн ортосундагы жыштыктардын көбөйүшүнө байланыштуу жакын арада оң жылыштар боло тургандыгын  айтты.
.



Тектеш кабарлар