Сиси : «Египет менен Түркия биргелешип Газа маселесинде абдан жакшы натыйжаларга жетише алышат»

Сиси расмий сапар менен өлкөсүнө келген президент Режеп Таййип Эрдоган менен бирге өткөргөн маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

2102482
Сиси : «Египет менен Түркия биргелешип  Газа маселесинде абдан жакшы натыйжаларга жетише алышат»

Египеттин президенти Абдулфеттах эс-Сиси : «Египет менен Түркия биргелешип иш алып баруу менен Газа маселесинде абдан жакшы натыйжаларга жетише алышат»,-деди.

Сиси расмий сапар менен өлкөсүнө келген президент Режеп Таййип Эрдоган менен бирге өткөргөн маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Египеттин президенти Эрдогандын он жылдан ашык убакыттан кийин өлкөсүнө жасаган сапарынан ыраазы экенин билдирип, «Эки өлкө ортосунда жаңы баракты ачып жатабыз»,-деп айтты.

Эрдоган менен Газа тилкесиндеги абалды сүйлөшкөнүн белгилеген Сиси : «Газада тез арада ок атышпоо жана Батыш Шериадагы чыңалууну басаңдатуу боюнча Түркиянын президенти менен бирдей пикирдемин»,-деди.

Сиси Түркия менен кызматташууга басым жасап: «Египет менен Түркия биргелешип иш алып баруу менен Газа маселесинде абдан жакшы жыйынтыктарга жете алышат»,-деп өз баасын берди.

Түркия-Египет карым-катнаштарына да токтолгон Сиси : «Жакынкы келечекте (Түркия менен) 15 миллиард долларлык соода максатына жетишүүнү максат кылуудабыз»,-деди.

Эрдогандын Түркияга чакыруусуна токтолгон Египеттин лидери: «Президент Эрдогандын Түркияга болгон чакыруусун апрель айында ишке ашырууну чыдамсыздык менен күтөмүн»,-деп айтты.

«Египет Түркиянын Африкадагы биринчи орундагы соода өнөктөшү жана Түркия Египеттин экспорту үчүн эң маанилүү багыттардын бири»,-деп айткан Сиси аймакта активдүү болгон бул эки өлкөнүн тынчтык жана ырааттуулуктун камсыздалышында маанилүү роль ойной ала турганын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар