Стамбулдагы кол салууга каршы чыгуулар...

Стамбулдун Күчүкчекмеже районунда Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) муниципалитет башчылыгына талапкери Азиз Йениай шайлоо өнөктүгүн жүргүзүп жатканда, узун стволдуу мылтык жана тапанча менен аткылоо болду.

2100561

1 киши оор жараланган кол салуудан кийин полиция топтору окуяга тиешеси бар адамдарды кармоо операциясын баштады.

Президент Режеп Таййип Эрдоган кол салууга байланыштуу социалдык медиадан билдирүүсүндө куралдуу кол салууну айыптады.

Эрдоган: «Шайлоо процессинин тынч өтүшүн жана демократиябызга туура келерин кабыл албагандардын процессти ууландырган аракеттерине эч качан жол бербейбиз. Демократиябызга, биримдигибизге жана тилектештигибизге багытталган ар кандай чабуул максатына жетпейт»,-деди.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш социалдык медиа эсебинен кол салууну айыптап: «Демократиянын эң маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири болгон эркин шайлоо чөйрөсүндө атылган ар бир ок – улуттук эркке каршы жасалган кыймыл болуп саналат»,-деп билдирди.

Демократияны бутага алган эч бир кыймыл эч качан максатына жетпей турганын белгилеген Куртулмуш: «(Агрессорлор) биздин биримдигибизге жана бир туугандыгыбызга эч качан зыян келтире албайт»,-деди.

Вице-президент Жевдет Йылмаз да социалдык медиа билдирүүсүндө кол салууну айыптады.

Тектеш кабарлар