Эрдоган космонавт Гезеравжы менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын биринчи учкуч башкарган космостук илимий миссиясын аткарып, Эл аралык космос станциясында (ЭКС) 18 күндөн кийин жерге конгон Алпер Гезеравжы менен телефон аркылуу сүйлөштү.

2100582

Гезеравжыга тапшырманы ийгиликтүү аткарганы үчүн ыраазычылык билдирген президент Эрдоган: «Анкарага келгенден кийин жекече жолугуп, бул процессти бизге кеңири түшүндүрүп берсеңиз кубанычта болобуз. Мындан ары өтө маанилүү милдеттериңиз болот»,- деп айтты.

Гезеравжы, президент Эрдогандын «Ден-соолукта көйгөй барбы?» деген суроосуна: «Кудайга шүгүр, баары жакшы»,-деп жооп берди.

Гезеравжы президент Эрдоганга Түркияга жана келечек муундарга ушундай шыктандыруучу миссияны тартуулаганы үчүн ыраазычылык билдирип:« Сиз биздин өлкөнү ЭКСга жеткен 22-өлкө кылдыңыз жана ал жерде буга чейин аткарылган миссиялардын ичинен, окуу башталгандан баштап ЭКСдеги милдетти аткарганга чейин ал жакка эң тез жеткен өлкө болдук.Бул маселе боюнча чечимиңизге жана көз карашыңызга дагы бир жолу ыраазычылык билдирем»,-деп өз баасын берди.

Тектеш кабарлар