Грек гезити Алпер Гезеравжы тууралуу жазды
Грециянын «Pentapostagma» гезити Түркиянын биринчи астронавты Алпер Гезеравжынын миссиясын ийгиликтүү аяктап, Жерге кайтып келгенин кабарлады.
Грециянын «Pentapostagma» гезити Түркиянын биринчи астронавты Алпер Гезеравжынын миссиясын ийгиликтүү аяктап, Жерге кайтып келгенин кабарлады.
19 - январда башталган космостук миссиясын ийгиликтүү аяктап өлкөгө кайткан Түркиянын биринчи астронавты Алпер Гезеравжы тууралуу грек гезиттери да кабар жарыялады.
Эл аралык космос станциясында (ISS) 13 илимий эксперимент жасаган Гезеравжы жана башка астронавттарды ташыган Драгон капсуласы кечээ Америка Кошмо Штаттарынын Флорида штатындагы Дейтона Бич аймагында океанга конду.
Дүйнөлүк басма сөз да жакындан байкаган космостук саякат грек басма сөзүндө да орун алды.
Түркиянын жана Гезеравжынын ийгилигин жарыялаган грек гезити «Pentapostagma» «Греция жылдыздарды карап турганча биринчи түрк астронавт Жерге кайтып келди» деген темада кабар жарыялады.
Тектеш кабарлар
Террор менен күрөш уланууда...
Сириянын түндүгүндөгү «Евфрат калканы» операциясы аймагында ПКК/ЙПГга мүчө 3 террорист аныкталды.