Түркия менен Катардын ортосундагы Jetco протоколу

Түркия-Катар 1-мөөнөт JETCO жыйыны кечээ Стамбулда соода министри Өмер Болат, Катардын соода жана өнөр жай министри шейх Мухаммед бин Хамед бин Касым Аль Тани жана эки өлкөнүн расмий өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

2099942
Түркия менен Катардын ортосундагы Jetco протоколу

Түркия менен Катардын ортосунда Экономика жана соода биргелешкен комиссиясы (JETCO) протоколуна кол коюлду.

Түркия-Катар 1-мөөнөт JETCO жыйыны кечээ Стамбулда соода министри Өмер Болат, Катардын соода жана өнөр жай министри шейх Мухаммед бин Хамед бин Касым Аль Тани жана эки өлкөнүн расмий өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Болат кол коюлган протоколдун, көптөгөн ар түрдүү тармактардагы конструктивдүү сүйлөшүүлөрдүн жана келишимдердин чагылуусу экенин белгилеп: «Катардын өлкөбүздөгү инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү баалаганын көрүп кубанып жатабыз. Өлкөбүзгө көбүрөөк Катар инвестициясынын келишин каалаганыбызды дагы бир жолу билдиргим келет»,-деди.

Министр Болат өз сөзүндө Катардын Түркиянын Перс булуңундагы эң маанилүү соода өнөктөштөрүнүн бири экенин, эки тараптуу карым-катнаштардын өкмөттөрдүн жана саясий лидерлердин аракети менен жаңы ылдамдыкка жетишкенин, эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөш катары карым-катнаштарын улантуусунун камсыздалганын айтты.

Болат Түркия-Катар 1-мөөнөт JETCO жыйынынан улам эки тараптуу саясий карым-катнаштарда жетишилген оң жылышты, экономикалык жана соода карым-катнаштарга да чагылдыра тургандарына ишенгендерин билдирди.



Тектеш кабарлар