ТИКА Түндүк Македониянын Конституциялык сотуна техникалык жабдууларды берди

Грант тапшыруу аземине Түндүк Македониянын Конституциялык сотунун төрайымы Добрила Кацарска жана ТИКАнын Скопьедеги координатору Мехмет Байрак менен Конституциялык соттун жана ТИКАнын өкүлдөрү катышты.

2100079
ТИКА Түндүк Македониянын Конституциялык сотуна техникалык жабдууларды берди

Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) Түндүк Македониянын Конституциялык сотуна техникалык жабдууларды тапшырды.

Грант тапшыруу аземине Түндүк Македониянын Конституциялык сотунун төрайымы Добрила Кацарска жана ТИКАнын Скопьедеги координатору Мехмет Байрак менен бирге Конституциялык соттун жана ТИКАнын өкүлдөрү катышты.

Түндүк Македониянын Конституциялык сотунун төрайымы Добрила Кацарска, ТИКАнын көптөгөн жылдардан бери Конституциялык сотко жардам берип келе жатканын айтып: «Агенттик (ТИКА) бүгүн сотко 10 компьютер жана 10 принтер белек кылды. Бул Конституциялык сот үчүн чоң жардам. Бул компьютерлер судьялардын да, соттук консультанттардын да тез иштөөсүнө жардам берет»,- деди.

Ушул гранттын ТИКА тарабынан берилген биринчи грант эмес экенин эске салган Кацарска, сот имаратындагы ар түрдүү жолугушуулар үчүн колдонулган залдын оңдоп-түзөө жана жабдыктарынын да ТИКА тарабынан каржыланганын баса белгиледи.

Кацарска : «Конституциялык сот үчүн ушул убакка чейин жасаган бардык иштеринен улам ТИКАга ыраазычылык билдирем. Бул ийгиликтүү кызматташтыктын улана беришин каалайм. Конституциялык сотко көп жардам бердиңиз. Сиздер өлкө катары Түндүк Македония Республикасынын досусуздар. Муну көп жолу далилдедиңиздер»,-деди.

ТИКАнын Скопьедеги координатору Мехмет Байрак да ТИКАнын 2005-жылдан бери Түндүк Македонияда ар түрдүү тармактарда көптөгөн долбоорлорду ишке ашырганына басым жасады.

Байрак бул долбоорлордун алкагында өлкөдөгү коомдук мекеме жана уюмдар менен кызматташтыкты күчтөндүрүүгө маани беришкендерин айтты.

Байрак ТИКАнын 2013-жылы Конституциялык Сотко жабдууларды белек кылганын, 2020-жылы Конституциялык Соттун залын жаңыртып жабдышканын эске салды.

Долбоордун алкагында Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) Түндүк Македониянын Конституциялык сотуна 10 компьютер жана 10 принтерден турган техникалык жабдууларды тапшырды.



Тектеш кабарлар