Фидан Стамбулдагы форумда Газадагы кыргын жана трагедияга токтолду

Хакан Фидан Стамбулда өткөрүлгөн Ислам Кызматташтык Жаштар Форумунун (ICYF) 5-Башкы Ассамблеясында катышуучуларга кайрылуу жасады.

2100238
Фидан Стамбулдагы форумда Газадагы кыргын жана трагедияга токтолду

Тышкы иштер министри Хакан Фидан дипломатияны бардык жолдор менен колдонуп Израилге кысым көрсөтүлүшү, кыргындын токтотулушу, ок атышпоонун түзүлүшү жана эки мамлекеттүү чечимдин ишке ашырылышы керектигин айтты.

Стамбулда өткөрүлгөн Ислам Кызматташтык Жаштар Форумунун (ICYF) 5-Башкы Ассамблеясында катышуучуларга кайрылуу жасаган Хакан Фидан Газадагы кыргын жана трагедияга токтолду.

Фидан Палестина жерлерин басып алуунун ондогон жылдардан бери үзгүлтүксүз уланып келе жатканын, 7-октябрдан бери 100 күндөн ашык убакытка созулган бул кыргында 30 миңге жакын бейкүнөө адамдын эч кандай дискриминациясыз атайылап өлтүрүлгөнүн айтты.

Израилдин ушул кыргындарына дүйнөлүк коомдук пикир, өзгөчө Батыш өлкөлөрүнүн унчукпай турганын же колдоо көрсөткөнүн баса белгилеген Фидан: «Унчукпай коюу- бул кыргынга, бул геноцидге өнөктөш болуу, дүйнөдөгү тартиптин пайдубалын солкулдаткан абал болуп саналат. Дүйнөдө мындан кийинки чыр-чатактарда шилтеме катары колдонула турган эч кандай моралдык баалуулук же эл аралык укуктук негиздин калбаганын көрсөткөн жагдай болуп эсептелет»,-деп сереп салды.

Газадагы согуштун бүткүл дүйнөгө таасир эте турган согушка айланышы мүмкүн экенин, бул геостратегиялык жаракалар жана геостратегиялык натыйжалардын дүйнө көтөрө албаган кээ бир жүктөрдү жана кыйынчылыктарды алып келиши мүмкүн экенине көңүл бурган Фидан, ошондуктан бул кыргынды тез арада токтотуп эки мамлекеттүү чечимди ишке ашыруу үчүн ар ким колунан келген аракетин жасоосу керектигине басым жасады.

Фидан: «Дипломатияны бардык жолдор менен колдонуп, Израилге кысым көрсөтүлүшү, ок атышпоонун камсыздалышы жана эки мамлекеттүү чечимдин ишке ашырылышы Израиль элине да, Палестина элине да, аймактын элине да пайда алып келет деп ойлойбуз»,-деди.



Тектеш кабарлар