Улуттук коргоо министрлиги : "Акыркы бир жумада 44 террорист жок кылынды"

Министрлик терроризмге каршы күрөшүү боюнча маалымат жыйынын өткөрдү.

2099546
Улуттук коргоо министрлиги : "Акыркы бир жумада  44 террорист жок кылынды"

Улуттук коргоо министрлиги жүргүзүлгөн операцияларда Ирактын жана Сириянын түндүгүндө акыркы бир жумада 44 террористтин жок кылынгандыгын маалымдады. 

Министрлик өткөргөн маалыматтандыруу жыйынында терроризмге каршы күрөшүү боюнча маалымат берилди.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн террор менен күрөшүүнү чечкиндүүлүк менен улантып жаткандыгы белгиленип, ПКК/КЖК/ПЙД - ЙПГ, ДЕАШ жана ФЕТӨ башта болгон бардык террордук уюмдарга каршы жүргүзгөн операциялар менен Ирактын жана Сириянын түндүгүндө акыркы бир жумада  44 террористтин жок кылынгандыгы билдирилди. 

1 -  январдан ушул күнгө чейин жок кылынган террорист саны  359га жетти анын ичинен 144тү Ирактын түндүгү, 2015ши Сириянын түндүгүндө жок кылынгандыгы белгиленди. 

 



Тектеш кабарлар