Президент Эрдоган Илхам Алиевди куттуктады

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, Эрдоган Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

2099196
Президент Эрдоган Илхам Алиевди куттуктады

Президент Режеп Таййип Эрдоган Азербайжандын президенти Илхам Алиевди өлкөсүндө кечээ өткөрүлгөн шайлоодогу ийгилигинен улам куттуктады.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, Эрдоган Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө президент Эрдоган Алиевди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады.

Эрдоган сүйлөшүүдө Алиевдин кайрадан президент болуп шайланышынын Азербайжан үчүн пайдалуу болушун каалаганын айтты.

4 миллион 971 миң шайлоочу добуш берген жана катышуу көрсөткүчү 76,73 пайызды түзгөн шайлоодо Илхам Алиев 92,1 пайыздык добуш менен кайрадан шайланды.



Тектеш кабарлар