Президент Эрдоган чукул муктаждыктарды чоң өлчөмдө камсыздай тургандарын айтты

Президент Эрдоган лидери болгон Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) Шанлыурфа муниципалитет башчылыгына талапкерин тааныштыруу  жыйынында сөз сүйлөдү.

2099128
Президент Эрдоган чукул муктаждыктарды чоң өлчөмдө камсыздай тургандарын айтты

Президент Режеп Таййип Эрдоган жер титирөө болгон аймактагы 200 миң үйдү жылдын аягына чейин бүтүрө тургандарын жана чукул муктаждыктарды чоң өлчөмдө камсыздай тургандарын айтты.

Президент Эрдоган лидери болгон Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) Шанлыурфа муниципалитет башчылыгына талапкерин тааныштыруу  жыйынында сөз сүйлөдү.

Эрдоган кечээ 6 -  февралда Кахраманмарашта болгон жер титирөөнүн биринчи жылында курулушу аяктаган турак жайлардын чүчү кулак тартуу жана ачкычтарды тапшыруу аземин өткөргөндөрүн белгиледи. 

Мурдагы күндөрдө да Хатай жана Газиантепте да ушундай аземдерди өткөрүшкөнүн эске салган президент : "Бир аздан кийин Харран университетибиздин спорт залында  Шанлыурфада курулушу аяктаган 314 үйдүн чүчү кулак тартуу жана ачкыч тапшыруу аземине катышабыз. Жылдын акырына чейин жер титирөө болгон аймакта  200 миң турак жайды тапшырып, чукул муктаждыктарды чоң өлчөмдө камсыз кылган болобуз",- деди. 

"Түркия качан алдындагы мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу менен өнүгүү, өсүү ылдамдыгын арттырса дароо сценарийлер арага кирип жатат",- деген Эрдоган  2013 -  жылдагы Гези окуялары, Фетуллахчы террордук уюмунун козголоңу, ПКК, , DHKP-C жана ДЕАШ сыяктуу террордук уюмдардын аракетке өткөрүлүшүн буга мисал катары көрсөттү.

Президент улут катары биримдикте бул бардык оюндарды бузгандарын белгиледи. 

 



Тектеш кабарлар