Стамбулда теракт алдына алынды

Бул тууралуу Ички иштер министри Али Йерликая соцтармактан маалымат берди.

2098367
Стамбулда теракт алдына алынды

Стамбулда Чаглаян сотунун  алдындагы көзөмөлдөө пуктуна карата теракт жасоого аракет кылган  2 террорист өлүү колго түшүрүлдү. 

Ички иштер министри Али Йерликая соцтармактан берген билдирүүсүндө Түркия убактысы боюнча саат  11:46да Стамбул Чаглаян сотунун алдындагы көзөмөлдөө пунктуна  кол салууга аракет кылгандыгын белгиледи. 

DHKP/C мүчөсү, бирөөсү аял болгон эки террористтин өлүү колго түшүрүлгөндүгүн  айткан министр Йерликая : "Кол салууда 3 киши полиция болгон 5 киши жараланды. Баатыр полициябызды кутутктаймын. Жаралууларыбыздын бат айыгып кетишин каалаймын",- деди. 

Окуя тууралуу Республикалык прокуратура териштирүү ишин баштатты.

 



Тектеш кабарлар