Президент Эрдоган Кахраманмараштагы аземде сөз сүйлөдү

Эрдоган очогу Кахраманмарашта болгон 6-февралдагы жер титирөөлөрдүн адамзат тарыхындагы эң үрөй учурган апаттардын бири катары катталганын баса белгиледи.

2098500
Президент Эрдоган Кахраманмараштагы аземде сөз сүйлөдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, 2023-жылдын 6-февралында болгон кылымдын апаатын кылымдын тилектештиги менен жеңе алгандарын айтты.

Президент Эрдоган Кахраманмарашта жер титирөөдөн кийин курулган турак жайлардын чүчү кулак тартуу жана ачкыч тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү.

Эрдоган очогу Кахраманмарашта болгон 6-февралдагы жер титирөөлөрдүн адамзат тарыхындагы эң үрөй учурган апаттардын бири катары катталганын баса белгиледи.

«Улуттарды улут кылган өзгөчөлүктөрдүн бири да – кубанычты тең бөлүшүү менен көбөйткөндөрү сыяктуу кыйынчылыктарга каршы биримдикте болуп, азапты бөлүшүү менен көтөрө алгыдай кылышы» деген Эрдоган: «Кудайга шүгүр элибиз 6-февралдагы жер титирөөдө бул сыноодон ийгиликтүү өттү. Кылымдын апаатын кылымдын тилектештиги менен жеңе алдык. Болжол менен 14 миллион адамга таасир эткен жана 11 шаардын 124 районундагы 7 миң айылда оор кыйроолорго алып келген мындай апааттын алдында биз сыяктуу күчтүү туруштук бере ала турган өлкө жана коомдор өтө аз»,-деди.

Жада калса дүйнөнүн эң өнүккөн өлкөлөрүнүн да жылдар бою ушундай апааттардын алдында алсыз болгонун баса белгилеген Эрдоган: «Биз жер титирөөнүн бир жылдыгында урандылар тазаланып, шаарларды калыбына келтирүүдө олуттуу жылыштар болуп, адамдар кайрадан жашоого бел байлаган учурга жеттик», - деп айтты.

Жер титирөө болгон аймактарда курулушу аяктаган үйлөрдүн чүчүкулак жана ачкыч тапшыруу иштеринин улантылып жатканын билдирген Эрдоган: «Биздин максат – жылдын аягына чейин 200 миң турак-жайды жана айыл үйлөрүн өз ээлерине тапшыруу. Ошондо бул санды тез арада 390 миңге жеткиребиз»,- деди.



Тектеш кабарлар