Карахан: «Инфляция максаталган деңгээлге түшкөнгө чейин керектүү акча дициплинасын сактайбыз»

Түркия Республикасынын Борбордук банкы (ТРББ) тарабынан жасалган жарыяга караганда, Карахан дайындалгандан кийинки алгачкы баасын берди.

2097308
Карахан: «Инфляция максаталган деңгээлге түшкөнгө чейин керектүү акча дициплинасын сактайбыз»

Түркия Республикасынын Борбордук банкынын (ТРББ) төрагасы Фатих Карахан, инфляция максаттарына туура келген деңгээлге түшкөнгө чейин керектүү акча дициплинасын сактоого чечкиндүү экендиктерин билдирди.

ТРББ тарабынан жасалган жарыяга караганда, Карахан дайындалгандан кийин төмөнкүдөй баа берди: «Борбордук банкыбыздын негизги максаты жана приоритети - баалардын туруктуулугун камсыз кылуу. Буга байланыштуу биз күчтүү командабыз менен инфляциянын төмөндөшүн камсыз кылуу боюнча иш-аракеттерибизди улантуудабыз. Инфляция биздин максаттаган деңгээлге түшкөнгө чейин зарыл болгон монетардык катуу кармашты сактоого чечкиндүүбүз. Биз инфляциялык күтүүлөргө жана баа жүрүм-турумуна кылдат көз салып турабыз. Биз инфляциянын көз карашындагы ар кандай өзгөрүүлөргө кылдат көз салып турабыз. Биз албетте деградацияга жол бербейбиз».

Ошол эле учурда казына жана каржы министри Мехмет Шимшек социалдык медиа эсебинен Карахандын кызматка кириши тууралуу билдирүү бөлүштү.

Түркия Республикасынын Борбордук банкынын (ТРББ)  төрагасы Фатих Карахан жана командасына толук ишеним жана колдоо көрсөткөндөрүн белгилеген Шимшек:«Биз алдыдагы мезгилде институттар аралык координацияда экономикалык программабызды чечкиндүү түрдө ишке ашырууну улантабыз»,-деди.

Эске салсак, Хафизе Гайе Эркан ТРББнын төрайымдык кызматынан кетүү боюнча арыз менен кайрылган, Борбордык банктын жетекчисинин орун басары Фатих Карахан 3-февралдагы президенттин жарлыгы менен ТРББнын төрагалыгына дайындалган.



Тектеш кабарлар