Гезиравжынын кайтып келүүсү дагы бир күнгө жылдырылды

SpaceX компаниясы тарабынан жасалган билдирүүдө Флорида жээгиндеги жагымсыз аба ырайынын кайтып келүүгө ыңгайсыз болгону белгиленди.

2097228
Гезиравжынын кайтып келүүсү дагы бир күнгө жылдырылды

Түркиянын биринчи космонавты Алпер Гезеравжы да болгон «Драгон» космостук кемесинин жана Axiom-3 (Ax-3) экипажынын жерге кайтып келүүсү дагы бир жолу жылдырылды.

SpaceX компаниясы тарабынан жасалган билдирүүдө Флорида жээгиндеги жагымсыз аба ырайынын кайтып келүүгө ыңгайсыз болгону белгиленди.

Билдирүүдө Драгон капсуласынын Эл аралык космос станциясынан эң эрте чыгышынын 6-февраль шейшемби күнү болушу пландалганы белгиленди.

Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр темага байланыштуу билдирүү жасагап: «Түркиянын биринчи космонавты Алпер Гезеравжыны тосуп алуу үчүн дагы бир аз күтөбүз»,-деди.

Алпер Гезеравжы да социалдык медиа эсебиндеги билдирүүсүндө «Биз издеген жаңы дүйнөнүн терезесинен салам!» деп жазды. 

Гезеравжы мындай деди: «Биз өсүп келе жаткан ай жылдызыбыздын жарыгында илимдин жана ачылыштын чектерин кеңейткен сайын, мен бул учурдун баалуулугун жана жоопкерчилигин терең сезип жатам. Биз Жерге кайтып келүү үчүн дагы бир аз күтөбүз. Бул уникалдуу саякатта топтогон тажрыйбам менен өлкөбүздүн илим жана технология тармагында таштаган кадамдарына баалуулук кошуу үчүн өлкөмө кайтып келүүнү чыдамсыздык менен күтөм».

Космонавт Гезеравжы жана команданын сапарынын болжол менен 13 саатка созулушу күтүлүүдө.

Команданы ташыган капсула Атлантика океанындагы жана Мексиканын батыш булуңундагы 7 потенциалдуу чекиттин бирине конот. Капсула сууга түшкөндөн кийин космонавттар бортко алынып, ал жерде алардын биринчи кароосу өткөрүлөт.

Команданы кемеден аэропортко тик учак менен, андан соң учак менен Хьюстонго алып барышат.

Учактын ичиндеги дарыгерлер да бул учуу учурунда космонавттардын жалпы текшерүүлөрүн жүргүзүшөт.

Космонавттар Хьюстондо ар тараптуу ден-соолук текшерүүсүнөн өтүшөт жана бир канча убакытка чейин карантинде болушат.



Тектеш кабарлар