Туризмде 2024-жыл рекорд менен башталды
Антальяга көбүнчө орусиялык туристтер келишти.
2096687
Дүйнөнүн эң маанилүү туристтик шаарларынын бири Антальяда 2024-жылдын январь айында чет элдик турист санында жаңы рекорд коюлду.
Облустук маданият жана туризм башкармалыгынын маалыматына караганда, өткөн айда Антальяга аба жолу менен келген туристтердин саны 2023-жылдын январь айына салыштырмалуу 4,1 пайызга өсүү менен 229 миң 97 кишиге жетти.
Бул мезгилде Антальяга көбүнчө орусиялык туристтер келишти.
Шаарга эң көп турист жөнөткөн берки өлкөлөр болсо Германия, Англия, Польша, Украина, Казакстан, Нидерландия, Иран, Бельгия, Кыргызстан, Франция, Австрия жана Швеция.
Тектеш кабарлар
Йылмаз «Өнүгүү жолу долбоору» тууралуу маанилүү билдирүүлөрдү жасады
Йылмаз: «Түркия бул долбоор менен стратегиялык абалын дагы да арттырат»,-деди.