Акыркы бир жумада 63 террорист жок кылынды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлиги маалымат берди.
Акыркы жумада Ирактын түндүгүнө жана Сирияга кирген 63 террорист жок кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинин басма сөз жана коомчулук менен байланыштар боюнча кеңешчиси контр-адмирал Зеки Актүрк, министрликте өткөн маалымат жыйынында Түрк куралдуу күчтөрүнүн террорго каршы күрөшүнүн чечкиндүүлүк менен уланып жатканын билдирди.
Актүрк башта ПКК/КЖК/ПЙД - ЙПГ, ДЕАШ жана ФЕТӨ болгон бардык террордук уюмдарга каршы өлкө ичи жана чек ара тышында аткарылган операциялар менен Ирак жана Сириянын түндүгүндө акыркы бир жумада 63 террористтин жок кылынгандыгы, 2023 - жылдын 1 - январынан тарта жок кылынган террорист саны 2 миң 541ге жеткендигин айтты.
Тектеш кабарлар
Йылмаз «Өнүгүү жолу долбоору» тууралуу маанилүү билдирүүлөрдү жасады
Йылмаз: «Түркия бул долбоор менен стратегиялык абалын дагы да арттырат»,-деди.