Түркиянын айнек буюмдары Германияда көргөзмөгө коюлду

Ассоциациядан берилген маалыматка караганда ZÜCDER мүчөсү  200 компания  глобалдык эң чоң айнек жана сувенир жарманкеси болгон Ambiente Frankfurt 2024кө катышты.

2095753
Түркиянын айнек буюмдары Германияда көргөзмөгө коюлду

Айнек буюмдарын өндүрүүчүлөр ассоциациясынын (ZÜCDER) мүчөлөрү 26 - 30 - январь күндөрү өткөрүлгөн жана өз тармагында дүйнөнүн эң чоң жарманкелеринин бири болгон «27-Ambiente Frankfurt эл аралык айнек буюмдар жана сувенирлер жарманкесине» катышты.

Ассоциациядан берилген маалыматка караганда ZÜCDER мүчөсү  200 компания  глобалдык эң чоң айнек жана сувенир жарманкеси болгон Ambiente Frankfurt 2024кө катышты.

Португалия, Италия, Германия, Америка, Бразилия жана Нидерландия да араларында болгон  100 өлкө катышкан жана  4 миң  500дөн ашуун компания катышкан жарманкеге катышкан  ZÜCDER мүчөлөрү дүйнөдөгү  тенденцияларды жакындан байкоо жана иш жолугушууларын өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Түрк өндүрүшчүлөрү эң жаңы продукцияларын көргөзмөгө коюу учурунда башка өлкөлөрдөн келген конокторго жана сатып алуучу делегацияларга өндүрүш мүмкүнчүлүктөрү жана продукциялары тууралуу маалымат беришти.

Дизайн, сапаты жана инновациялары менен өзгөчөлөнгөн түрк товарлары орун алган стенддер чет элдик сатып алуучулардын чоң кызыгуусун тартты.

 



Тектеш кабарлар