Хакан Фидан кепилдик чакыруусун кайталады

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Түркиянын Газада кепилдик механизминин курулушу тууралуу чакыруусун кайталады.

2093358
Хакан Фидан кепилдик чакыруусун кайталады

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Түркиянын Газада кепилдик механизминин курулушу тууралуу чакыруусун кайталады.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин Палестина темалуу отурумунда сөз сүйлөгөн Хакан Фидан Газадагы гуманитардык кыйратуунун олуттуу деңгээлге жеткенин баса белгилеп, ок атышууну токтотуунун жана аймакка гуманитардык жардамдын тез арада жетүүсүнүн зарылдыгына көңүл бурду.

«Газа жана андан тышкары уланып жаткан согуш тынчтыкты да багынууну да алып келбейт. Бул согушту токтотуу үчүн тарыхый жоопкерчилигибиз бар»,- деген Фидан эл аралык коомчулуктун Газада жана Батыш Шериада төгүлгөн канды токтотууда күчсүз болуп жаткандыгын айтты.

Фидан : «Тынчтыкты түзүп жана көзөмөлдөй турган гарант механизмин түзүү чакырыгыбызды дагы бир жолу кайталагым келет»,-деди.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7-октябрда Израилге карата «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялады.

Израиль армиясы да буга жооп катары Газа тилкесине «Темир кылычтар» кыймылын баштаган.

Күч алган чыңалууда көпчүлүгү балдар жана аялдар болгон 25 миңден ашуун палестиналык каза болду.



Тектеш кабарлар