АКШ Түркиянын  Ф  - 16 флотунун модернизациясына колдоо бергендигин дагы бир жолу баса белгиледи

Тышкы иштер министрлигинин катчы орун басары Ведант Пател күнүмдүк  пресс  - жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

2093174
АКШ Түркиянын  Ф  - 16 флотунун модернизациясына колдоо бергендигин дагы бир жолу баса белгиледи

АКШ Түркиянын  Ф  - 16 флотунун модернизациясына колдоо бергендигин дагы бир жолу баса белгиледи.

Тышкы иштер министрлигинин катчы орун басары Ведант Пател күнүмдүк  пресс  - жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Ведант Пател : «Президент Жо Байден, министр Энтони Блинкен НАТОнун бирдикте иштөөсүнө маанилүү инвестиция катары караган Түркиянын Ф  - 16  флотунун модернизациясына колдоосун ачыкча айтты»,- деди.

Катчынын орун басары : «Муну менен бирге курал сатууларды карап чыгууда АКШ Конгрессинин маанилүү ролго ээ экендигин да байкап жатабыз»,- деди.

Түркиянын «НАТОнун маанилүү мүчөсү» экендигин айткан Пател : «Түркиянын да НАТО союздаштыгына маани бергенине ишенебиз. Аймакта бир гана союздаштык үчүн эмес, анын тышында да коопсуздук өнөктөшү болду»,- деп баа берди.

Бир тараптан Жо Байден Конгресске  кат жиберип, Швециянын НАТОго мүчөлүгү тууралуу Түркиядагы процесс аяктаары менен Түркияга  Ф  - 16  аскердик учактарынын сатылышына байланыштуу Конгресске расмий билдирүү жиберерин айтты.

Атынын аталышын каалабаган америкалык бир жетекчи : «Президент Байден сенат жана өкүлдөр парламентинин тышкы карым  - катнаштар комитеттеринин төрагасына, мүчөлөрүнө түрк парламентинин Швециянын НАТОго кирүү протоколдорун бекитишин ыраазычылык менен кабыл алган жана бул процесс аякташы менен Түркияга Ф  - 16ларды сатуу тууралуу Конгресске расмий билдирүү берүү ниетин айткан кат жиберди»,- деди.

Америкалык жетекчи өзгөчө : «Президент Конгресске Ф  - 16ларды сатууну кечиктирбестен процессти алдыга жылдыруу тууралуу кубаттайт»,- деп баа берди.

 



Тектеш кабарлар