Фидан: «Газада жана анын тышында уланып жаткан согуш тынчтык да, багынып берүү да алып келе албайт»

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинде өткөрүлгөн жогорку деңгээлдеги Палестина сессиясында сөз сүйлөдү.

2092782
Фидан: «Газада жана анын тышында уланып жаткан согуш тынчтык да, багынып берүү да алып келе албайт»

 

Тышкы иштер министри Хакан Фидан: «Газада жана анын тышында уланып жаткан согуш тынчтык да, багынып берүү да алып келе албайт. Бул согушту токтотуу үчүн биздин тарыхый жоопкерчилик бар»,-деди.

Хакан Фидан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинде өткөрүлгөн жогорку деңгээлдеги Палестина сессиясында сөз сүйлөдү.

Эл аралык коомчулуктун Газа жана Батыш Шериадагы кан төгүүнү дагы эле токтото албаганын көргөндөрүн белгилеген Фидан : «Газа ачык асман астындагы түрмө болчу. Эми болсо Израилдин премьер-министри саясий жашоосун узартуу үчүн аскердик операцияларды уюштуруу менен жарандарды кырган согуш талаасына айланды»,-деп айтты.

Фидан сөзүн улап: «Учурдагы согуш Израилдин коопсуздугун камсыз кылууга багытталган жана Израиль өзүн-өзү коргоого укуктуу деген дооматтар ишеничтүү эмес. Анын үстүнө бул дооматтарды айткандар Палестинанын коопсуздугу же өзүн-өзү коргоо укугу тууралуу эч бир жерде сөз кылышпайт. Газа жана Батыш Шериадагы көрүнүш коопсуздук жана өзүн-өзү коргоо укугуна кимдин көбүрөөк муктаж экенин ачык көрсөтүп турат»,-деп айтты.

Фидан : «Израиль оор согуш кылмыштарын кылып жатат. Эгер эл аралык укукка жана эрежелерге негизделген тартипке ишенимди калыбына келтирүүнү кааласак, жооптуулар жоопко тартылышы керек. Израилдин Газада кылган согуш кылмыштары геноцид деңгээлине жеткен болушу мүмкүн деген кабардан олуттуу тынчсызданып жатабыз»,-деп айтты.

«Кечээ «тобокелдик» деп атаганыбыз бүгүн чындыкка айланды. Кызыл деңиздеги, Йемендеги, Ливандагы, Ирактагы, Сириядагы, Ирандагы жана Пакистандагы акыркы окуялар абдан тынчсыздандырат. Бул эскалация эч ким оңой менен качып кутула албай турган геостратегиялык куюнга айланышы мүмкүн»,-деп билдирди тышкы иштер министри.

Израилди жана колдоочуларын дагы деле ийгиликке жетишүү мүмкүнчүлүгү бар болсо да дипломатиялык чечим табууга чакырган Фидан: «Газада жана анын тышында уланып жаткан согуш тынчтык да, багынып берүү да алып келе албайт. Бул согушту токтотуу үчүн биздин тарыхый жоопкерчилик бар»,-деди.

Согуштан кийинки сценарийлердин Газаны ким башкара турганына негизделбеши керектигине көңүл бурган Фидан: «Газанын келечеги бир гана палестиналыктардын колунда. Согуштан кийин жооп табышыбыз керек болгон жалгыз суроо 1967-жылдагы чек араларга негизделген эки мамлекеттүү чечимде адилеттүү жана туруктуу тынчтыкты кантип камсыздай ала турганыбыз. Бул багытта биздин күч-аракеттерибиздин борбору Чыгыш Кудс болгон көз карандысыз жана эгемендүү Палестина мамлекетинин түзүлүшү болушу керек. Бул максатта Израил менен Палестинанын ортосундагы тынчтыкты камсыздай турган жана көзөмөлдөй турган кепилдик механизмин түзүү чакырыгыбызды дагы бир жолу кайталагым келет»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар