Хакан Фидандын дипломатиясы уланып жатат

Тышкы иштер министрлигинен алынган маалыматка караганда, жолугушуунун максаты Газада ок атышууну тез арада токтотуу болду.

2091252
Хакан Фидандын дипломатиясы уланып жатат

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Омандын тышкы иштер министри Сейед Бадр Аль-Бусаиди менен сүйлөштү.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Хакан Фидан Сейид Бедр Ел-Бусаиди менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Анда Газадагы кырдаал жана аймактык коопсуздук маселелери, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын багыттары талкууланды.

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылы Хамас кыймылынын саясий бюросунун башчысы Исмаил Хенийени кабыл алды.

Тышкы иштер министрлигинен алынган маалыматка караганда, жолугушуунун максаты Газада ок атышууну тез арада токтотуу болду.

Ошондой эле, гуманитардык жардамды көбөйтүү үчүн таштала турган кадамдарга баа берилди.

Мындан тышкары, барымтадагыларды бошотуу жана туруктуу тынчтык үчүн эки мамлекеттүү чечүүчү жол маселелери талкууланды.



Тектеш кабарлар