Президент Эрдоган Улуттук космостук программасы тууралуу билдирүү жарыялады

Эрдоган : "Республикабыздын экинчи кылымына, Түркия кылымына  биринчи жолу ишке ашыра турган учкучтуу косомостук миссиясын аткаруу менен кадам таштап жатабыз",- деди.

2090626
Президент Эрдоган Улуттук космостук программасы тууралуу билдирүү жарыялады

Президент Режеп Таййип Эрдоган : "Республикабыздын экинчи кылымына, Түркия кылымына  биринчи жолу ишке ашыра турган учкучтуу косомостук миссиясын аткаруу менен кадам таштап жатабыз",- деди. 

Президент Эрдоган Улуттук космостук программасынын биринчи бөлүгү болгон "Алгачкы учкучтуу космостук миссиянын" негизинде бир видео билдирүү жарыялады. 

Президент Эрдоган билдирүүсүндө: "Баарыбыз бирге тарыхый учурга күбө болуудабыз. Орток сыймыгыбыздын туу чокусуна чыккан учурлардын бирин жашап жатабыз. Республикабыздын экинчи кылымына, Түркия кылымына биринчи жолу ишке ашыра турган учкучтуу космостук  миссиясы менен кадам таштоодобуз. Илим тарыхына уникалдуу салым кошкон цивилизациянын мураскерлери катары биз тарыхта көтөргөн миссиябызды кайра аткаруу үчүн абдан баалуу жаңы башталышты жасап жатабыз. Көздөрүндөгү жалын менен келечекке караган жаштарыбызга , кыялы дүйнөгө батпаган балдарыбызга илхам булагы болуу үчүн биринчи жолу бир жараныбызды космоско жиберүүдөбүз",- деди. 

Түркиянын биринчи космонавты Алпер Гезеравжы да ичинде болгон SpaceXке таандык космостук унаа АКШнын Кеннеди  космостук борборунан жергиликтүү убакыт боюнча саат 16: 49да (Түркия убактысы боюнча 00:49) учурулду. Унаа учурулгандан  36 сааттан кийин Эл аралык космостук станцияга барат. 

 



Тектеш кабарлар