Эрдоган кеме тапшыруу аземине катышты
Президент Режеп Таййип Эрдоган азыркы күндө коргонуу тармагында күчтүү жана көз карандысыз болбогон элдердин келечегине ишенимдүү кароонун мүмкүн эмес экендигин айтты.
Президент Режеп Таййип Эрдоган азыркы күндө коргонуу тармагында күчтүү жана көз карандысыз болбогон элдердин келечегине ишенимдүү кароонун мүмкүн эмес экендигин айтты.
Президент Эрдоган Ялова Сефине кеме куруучу заводунда түрк деңиз флотуна төрт жаңы кеме тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү.
Тапшырылган бир кеменин деңиз күчтөрүнүн күчүнө дагы көп күч кошорун айткан Эрдоган : "Биз бүгүн кемелерибизди өткөрүп алуу менен эле канааттанган жокпуз. Ошол эле учурда дүйнөдө электрондук согуш жөндөмүнө ээ биринчи капитансыз суу үстүндөгү унаабызды да флотубузга кошуп жатабыз. Автономдуу суу үстүндөгү деңиз унаабыз Marlin SİDA чалгындоо, байкоо, суу үстүндөгү согуш, электрондук чабуул миссияларын учкучсуз жана толук автономдуу аткарат",- деди.
Президент азыркы күндө коргонуу тармагында күчтүү жана көз карандысыз болбогон элдердин келечегине ишенимдүү кароонун мүмкүн эместигин баса белгиледи.
Адам укуктары жана эркиндиги тууралуу оң-солго отчет бергендердин 105 күндөн бери Газада мыкаачылык менен өлтүрүлгөн балдарды, ымыркайларды жана аялдарды көрбөгөнүн, зулумдукту алдын алуу үчүн бир да кадам таштабаганын айткан Эрдоган : "Азыркы күндүн фюрери (Израилдин прьемир - министри) Нетаньяхунун жана командасынын Палестина элине каршы геноцидди карап турушат",- деди.
Аземде TCG Деря, TCG Стамбул, TCG лейтенанты Ариф Экмекчи жана Marlin SİDA түрк деңиз флотуна тапшырылды.
Ар бири ар башка милдеттерде колдонула турган бул платформалар түрк деңиз күчтөрүнүн Көгүлтүр Мекендеги күчүн бекемдейт.
Тектеш кабарлар
Йылмаз «Өнүгүү жолу долбоору» тууралуу маанилүү билдирүүлөрдү жасады
Йылмаз: «Түркия бул долбоор менен стратегиялык абалын дагы да арттырат»,-деди.