Министр Фидан Пакистан-Иран чыңалуусуна байланыштуу билдирүү жасады

Расмий сапар менен Иорданияга барган Хакан Фидан борбор шаар Амманда тышкы иштер министри Айман Сафади менен биргелеше маалымат жыйынын өткөрдү.

2090424
Министр Фидан Пакистан-Иран чыңалуусуна байланыштуу билдирүү жасады

Тышкы иштер министри Хакан Фидан: «Пакистан менен Ирандын ортосундагы чыңалуунун күчөбөшүн каалайбыз, бул темада өз милдетибизди аткарууга даярбыз»,-деди.

Расмий сапар менен Иорданияга барган Хакан Фидан борбор шаар Амманда тышкы иштер министри Айман Сафади менен биргелеше маалымат жыйынын өткөрдү.

Пакистандык жана ирандык кесиптештери Жалил Аббас Жилани жана Хусейн Эмир Абдуллахиян менен аймактагы абалдар тууралуу телефон аркылуу сүйлөшкөнүн белгилеген Фидан, аймакта жаңы маселелердин болбошу керектигине көңүл буруп, эки тарапты тең сабырдуулукка чакырганын айтты.

Жилани менен Абдуллахияндын да сүйлөшүүдө, чыңалуунун күчөшүн каалабагандарын билдиришкенин маалымдаган тышкы иштер министри: «Пакистан менен Ирандын ортосунда чыңалуунун күчөбөшүн каалайбыз, бул темада өз милдетибизди аткарууга даярбыз,-деди.

Тышкы иштер министри Фидан Ирактын тышкы иштер министри Фуад Хусейн менен да телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө Фидан аймактагы чыңалууга токтолуп, дос жана боордош өлкөлөрдүн ортосунда көйгөйдүн болушун каалабагандарын белгиледи.

Фидан тараптардын сабырдуулук менен кыймылдап, аймактын ырааттуулугун тобокелге сала турган кадамдардан алыс болуулары керектигин айтты.

Ирандын Пакистандын ичиндеги кээ бир буталарга кечээ эртең менен ишке ашырган операцияларына жооп катары бүгүн эртең менен Пакистандын Ирандын ичиндеги буталарга жүргүзгөн аба чабуулдарынын себебинен эки өлкөнүн ортосундагы чыңалуу күчөгөн.



Тектеш кабарлар