Фидан: «Ирактагы KYB ПККга колдоо көрсөтүүсүн өзгөртпөсө дагы чараларды көрүүдөн тартынбайбыз»

Хакан Фидан Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Башкы кеңешиндеги терроризм менен күрөшүү боюнча маалыматтандыруу отурумунда сөз сүйлөдү.

2089473
Фидан: «Ирактагы KYB ПККга колдоо көрсөтүүсүн өзгөртпөсө дагы чараларды көрүүдөн тартынбайбыз»

Тышкы иштер министри Хакан Фидан, Ирактагы KYB ПККга колдоо көрсөтүү позициясын өзгөртпөсө дагы чараларды көрүүдөн тартынбай тургандарын айтты.

Хакан Фидан Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Башкы кеңешиндеги терроризм менен күрөшүү боюнча маалыматтандыруу отурумунда сүйлөгөн сөзүндө: «Чек аранын аркы өйүзүндөгү ПКК/ЙПГ жана колдоочулары менен өзүбүздү коргоо укугубуздун алкагында күрөшүбүз террордун акыркы бутасы жок кылынганга чейин уланат»,-деди.

Аймактагы бардык террордук уюмдардын биротоло жок кылынышынын маанилүү экенин белгилеген Фидан: «Бул биздин улутубуздун гана эмес, аймактагы бардык мамлекеттердин тынчтыкта ​​жана коопсуздукта жашоосу үчүн алмаштырылгыс шарт болуп саналат. Ошондуктан биздин бардык коңшуларыбыз жана союздаштарыбыз үчүн терроризмге каршы күрөшүбүздү чын жүрөктөн колдоо зарылчылыгы болуп калды»,-деп айтты.

Жикчил террордук уюмдун Түркиядагы куралдуу болушун жоготуп, кол салууларын чек аранын тышына өткөрүүгө мажбур болгонун белгилеген Фидан, ПККнын азыр Ирак жана Сирия үчүн коопсуздук коркунучуна айланганын белгиледи.

Террордук уюмдун мөөнөтү аяктаганын баса белгилеген Хакан Фидан: «Жикчил террордук уюмга чек араларыбызда жана анын тышында өзүн коопсуз сезиши үчүн эч кандай орун калтырбайбыз»,-деди.

Фидан Ирак бийликтери менен кеңешүү процессинин уланып жатканын белгилеп: «Сүлейманияга каршы санкцияларыбызга карабастан, KYB ПККга колдоо көрсөтүү позициясын өзгөртпөсө, мындан аркы чараларды көрүүдөн тартынбайбыз»,- деди.

АКШнын ДЕАШ менен күрөшүү шылтоосу менен ПКК/ЙПГга колдоо көрсөткөнүн белгилеген Хакан Фидан: «Бул бузулган мамилени токтотуу жана ПККны пайда болгон жери Сирияда жок кылуу үчүн күрөштү улантабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар