Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер маалымат берди

Яшар Гүлердин жетекчилигинде видео телеконференция жыйыны өткөрүлдү.

2088944
Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер маалымат берди

Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер Ирак жана Сириянын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПККга каршы жүргүзүлгөн аба операцияларында үңкүр, баш калкалоочу жай жана мунай объектилеринен турган 78 бутанын жок кылынганын, 77 террористтин таасирсиз абалга келтирилгенин айтты.

Яшар Гүлердин жетекчилигинде Башкы штабдын төрагасы армия генералы Метин Гүрак, күчтөр командирлери менен ички жана чек ара бөлүктөрдүн командирлеринин катышуусунда видео телеконференция жыйыны өткөрүлдү.

Жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер өзгөчө терроризмге каршы операциялар тууралуу маалымат алган министр Яшар Гүлер, аткарыла турган иштерге байланыштуу тапшырмаларды берди.

Жыйында «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагындагы акыркы абалга байланыштуу билдирүүлөрдү жасаган министр Яшар Гүлер, 12-январда «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында 9 аскер шейит болгон кол салууларга дароо жооп кайтарылганын, атышуу учурунда 23 террористтин жок кылынганын айтты.

Андан соң Ирактын түндүгүндөгү Метина, Хакурк, Гара, Кандил аймактары менен Сириянын түндүгүндө жүргүзүлгөн аба операцияларында жикчил террордук уюм тарабынан колдонулган жана ичинде террористтердин да бар экени айтылган үңкүр, баш калкалоочу жай, кампа жана мунай объекттеринен турган 78 бутанын жок кылынганын кабарлаган Гүлер жалпы 77 террористтин таасирсиз кылынганын билдирди.

Бул операцияларда катуу жооп кайтарылганын баса белгилеген Гүлер: «Терроризмге каршы күрөшүбүз бир дагы террорист калмайынча жогорулаган темп менен уланат. Мындан эч ким күмөн санабасын»,-деди.



Тектеш кабарлар