Стамбулдагы коопсуздук жыйынынан кийин билдирүү жасалды
Жыйналыштан кийин жасалган билдирүүдө террор менен күрөшүүдө чечкиндүүлүк билдирүүсү берилди.
Стамбулдагы Долмабахче иш кеңсесинде президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде коопсуздук жыйыны өткөрүлдү.
Президент Эрдогандын жетекчилигиндеги кечээки жыйынга тышкы иштер министри Хакан Фидан, ички иштер министри Али Йерликая, улуттук коргоо министри Яшар Гүлер, башкы штабдын төрагасы, армия генералы Метин Гүрак, Улуттук чалгындоо уюмунун төрагасы Ибрахим Калын, президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун жана президенттин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча башкы кеңешчиси Акиф Чагатай Кылыч катышты.
Басма сөзгө жабык өткөн жыйналыш болжол менен 1 саатка созулду.
Жыйналыштан кийин жасалган билдирүүдө террор менен күрөшүүдө чечкиндүүлүк билдирүүсү берилди.
Ирактын түндүгүндө 9 аскер шейит болуп, 4 аскер жараланган «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагына кыянаттык кол салуудан кийин акыркы 24 саатта абадан операциялар менен 57 террористтин таасирсиз кылынганы белгиленди.
Билдирүүдө ошондой эле: «Түркия кандайдыр бир шылтоо же себеп менен түштүк чек араларында «террористан» курулуусуна эч качан уруксат бербейт» деген сөздөр камтылды.
Тектеш кабарлар
Йылмаз «Өнүгүү жолу долбоору» тууралуу маанилүү билдирүүлөрдү жасады
Йылмаз: «Түркия бул долбоор менен стратегиялык абалын дагы да арттырат»,-деди.