Бүгүн Стамбулда коопсуздук жыйыны болот
Президент Режеп Таййип Эрдогандын чечими менен бүгүн Стамбулда коопсуздук жыйыны болот.
2088158
Президент Режеп Таййип Эрдогандын чечими менен бүгүн Стамбулда коопсуздук жыйыны болот.
Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун Х эсебинен берген билдирүүсүндө президент Эрдогандын Стамбулдагы Долмабехче иш кеңсесинде коопсуздук жыйынын өткөрө тургандыгын билдирди.
Алтун билдирүүсүндө коопсуздук жыйынына тышкы иштер министри Хакан Алтун ички иштер министри Али Йерликая, улуттук коргоо министри Яшар Гүлер, башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Метин Гүрак жана Улуттук Чалгындоо Уюмунун төрагасы Ибрахим Калындын катышарын маалымдады.
Тектеш кабарлар
Йылмаз «Өнүгүү жолу долбоору» тууралуу маанилүү билдирүүлөрдү жасады
Йылмаз: «Түркия бул долбоор менен стратегиялык абалын дагы да арттырат»,-деди.