Эрдоган Стамбулда билдирүүлөрдү жасады

Президент Эрдоган Стамбулда жума намазынан кийин журналисттерге билдирүүлөрдү жасады.

2088080
Эрдоган Стамбулда билдирүүлөрдү жасады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШ менен Британиянын Йеменге аба соккуларына байланыштуу: «Алар Кызыл деңизди кан көлүнө айландырууга ынтызар»,-деди.

Президент Эрдоган Стамбулда жума намазынан кийин журналисттерге билдирүүлөрдү жасады.

АКШ менен Улуу Британиянын Йеменге абадан кол салууларына токтолгон Эрдоган, булардын бардыгынын ченемсиз күч колдонуу экенин белгилеп: «Бул ченемсиз күчтү дал ушундай түрдө Израиль Палестинада колдонууда. Иран мунун баарынан өзүн кантип коргой аларын карап жатат. Британия ансыз деле бул процессте Америка менен бирге кадам таштаган жана улантууда. Учурда Кызыл деңизди кан көлүнө айландырууга ынтызар. Йемен хуситтер менен бирге учурда бардык күчтөрүн колдонуу менен аймакта Америка же Британия болобу аларга керектүү жоопту берерин айтууда. Алар ошондой эле бул темада кымындай да ээн-эркиндикке жол жок экенин билдиришүүдө»,-деди.

Президент Эрдоган, Түштүк Африка Республикасынын Израилге каршы "Газада Палестина калкына геноцид кылгандыгы" себеби менен Гаагадагы Эл аралык Адилеттик Сотуна кайрылган доосуна байланыштуу жыйынтыктын жакшы болоруна ишенгенин айтты.

Израилдин өзүн жактай баштаганын белгилеген Эрдоган: «Бирок биз берген бардык документтер Гаагада олуттуу иштеп жатат. Ал документтер негизинен визуалдык документтер, бул документтер менен Израиль айыпталат»,- деди.

Адилеттик сотунун адилеттүүлүгүнө ишенгендерин билдирген Эрдоган: «Бүгүнкү күндө Израиль өзүн жактап жатат. Жактап жатканда да, албетте коргонуу жөнүндө сөз кылууда. Бул эмне деген коргонуу. Израиль бул жерде коргонуу эмес ачык абак түрмөсү абалындагы Палестинага каршы аймакты кан көлүнө айландырды. Алар ал жерде эле 22-23 миң палестиналыкты шейит кылышты»,-деди.

Мурда Израилдин президенти Ицхаак Херцогду бул темада алда канча достук маанайда көргөнүн, бирок акыркы убакта Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну туурап, такыр башка билдирүүлөрдү жасай баштаганын айткан Эрдоган: «Таййип Эрдоганга оозеки кол салуу менен эч нерсеге ээ болушпайт. Анткени алар Таййип Эрдоганды оозеки чабуулдар менен жеңе алышпайт, анткени биз чындыктын артынанбыз. Акыйкаттык тараптабыз, эзилгендер менен биргебиз, бирок алар ырайымсыз иштерди жасап жатышат. Соттун жыйынтыгынын да жакшы болоруна ишенем. Эч качан эзилгендер жеңилген эмес, ар дайым зулумдар утулушкан»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар