Сириянын жана Ирактын түндүгүнө абадан операциялар жүргүзүлдү

Бул тууралуу Улуттук коргоо министрилигинен билдирүү жарыяланды.

2085179
Сириянын жана Ирактын түндүгүнө абадан операциялар жүргүзүлдү

Сириянын түндүгүндөгү Евфрат калканы жана Зайтун бутагы аймагында кол салууга даярданган 6 ПКК/ЙПГ террористи жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта, «Баатыр Түрк куралдуу күчтөрүбүз Сириянын түндүгүндө ПКК/ЙПГ террористтерине каршы операцияларын улантууда Евфрат калканы жана Зайтун бутагы аймактарында кол салууга даярданган 6 ПКК/ЙПГ террористи жок кылды»,деген билдирүүлөр камтылган.

Ирактын түндүгүнө абадан жүргүзүлгөн операцияларда да арасында жооптуу террористтер да болгон 15 бута жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, жикчил террордук уюм ПКК/КЖК жана башка террордук элементтерди таасирсиз кылуу, Ирактын түндүгүнөн эл жана коопсуздук күчтөрүнө карата жасалган террордук кол салууларды жок кылуу жана чек ара коопсуздугун камсыз кылуу максатында БУУнун 51-беренеси боюнча өзүн-өзү коргоо укуктарына ылайык Ирактын түндүгүндөгү Метина, Гара, Хакурк, Кандил жана Асос аймактарында террордук буталарга абадан операция жүргүзүлгөнү белгиленди.

Билдирүүдө: «Абадан жүргүзүлгөн операциялары менен жикчил террордук уюм колдонгон жана жооптуу деңгээлде террористтерди камтыган үңкүр, бункерлер, баш калкалоочу жай жана кампалардан турган 15 бута жок кылынды. Жүргүзүлгөн операцияларда ата мекендик жана улуттук ок-дарылардын максималдуу көлөмү колдонулуп көп сандаган террорист жок кылынды»,деген сөздөр камтылды.

Өлкөнүн жана улуттун бакубаттыгы жана коопсуздугу үчүн террор менен күрөшүүнүн «акыркы террорист жок кылынгынга дейре» ынтызардуулук жана чечкиндүүлүк менен улана турганы баса белгиленген билдирүүдө: «Бул операцияларда бейкүнөө жарандарга, достук элементтерге, тарыхый жана маданий байлыктарга жана айлана-чөйрөгө зыян келтирбөө үчүн бардык зарыл чаралар көрүлдү»,- деп айтылды.



Тектеш кабарлар