Блинкен Стамбулда Хакан Фидан менен жолугушту

Аймактык турунун алкагында биринчи болуп Стамбулга келген Блинкендин бул  жерден Грецияга өтүшү күтүлүүдө.

2085099
Блинкен Стамбулда Хакан Фидан менен жолугушту

Тышкы иштер министри Хакан Фидан АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушту. 

Хакан Фидан менен жолугушуу үчүн кечээ кечинде Стамбулга келген Блинкен бүгүн Вахдеттин сарайында кесиптеши менен жолугушту. 

Жолугушуу эки саатка созулду. 

Тышкы иштер министрлигинин Х социалдык медиа эсебинен берилген маалыматка караганда жолугушууда Газадагы согуш, гуманитардык кризис, Швециянын НАТОго кошулуу процесси, эки тараптуу жана аймактык темалар каралды. 

Жолугушуудан кийин Блинкен президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан кабыл алынды. 

Вахдеттин сарайында басма сөзгө жабык өткөн кабыл алууда тышкы иштер министри Хакан Фидан, Улуттук Чалгындоо Уюмунун төрагасы Ибрахим Калын жана АКШнын Анкарадагы элчиси Жеффри Флаке да катышты. 

 

Блинкен Израилдин Газага кол салуулары башталган 7 - октябрдан бери төртүнчү жолу аймакка барды.

Аймактык турунун алкагында биринчи болуп Стамбулга келген Блинкендин бул  жерден Грецияга өтүшү күтүлүүдө.

Блинкен Грециядан кийин Иордания, Бириккен Араб Эмирликтери, Сауд Арабия, Израиль, Палестина жана Египетке да сапар менен барат. 

Блинкен кесиптештери менен жолугушуп "бир нече орчундуу теманы" карап чыгат. 

 

 



Тектеш кабарлар