Кечели: «Израилге каршы арызды кубаттайбыз»

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Өнжү Кечели бул тууралуу X социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө айтты.

2083774
Кечели: «Израилге каршы арызды кубаттайбыз»

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Өнжү Кечели, Түштүк Африка Республикасынын Израилге каршы Эл аралык Адилет Сотуна арыз менен кайрылуусун кубаттагандарын айтты.

Катчы Кечели, X социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө:«Биз Түштүк Африка Республикасынын 1948-жылдагы «Геноцид кылмышынын алдын алуу жана жазалоо жөнүндө» конвенция боюнча милдеттенмелерди бузгандыгы боюнча Израилге каршы Эл аралык Сотко кайрылуусун кубаттайбыз»,-деп айтты.

Кечели өз билдирүүсүндө төмөнкүлөргө токтолду:«Израилдин Газада дээрлик үч ай бою көпчүлүгү аялдар жана балдар болгон 22 миңден ашуун палестиналык жаранды өлтүрүшү жазасыз калбашы керек жана буга жооптуулар эл аралык мыйзам алдында жооп бериши керек. Бул процесс мүмкүн болушунча тез бүтөт деп ишенебиз.

Ушул сыяктуу эле, бул арызга ылайык, Эл аралык Адилет Сотунун Израилге Газага кол салууларын токтотууну буйруган убактылуу буйрук чыгарышы күтүлүүдө. Түркия бул чечимдин аткарылышын каалайт».



Тектеш кабарлар