Алтун Түркияда Моссадга жүргүзүлгөн операцияны түшүндүрдү

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, Улуттук чалгындоо уюму MİT менен Коопсуздук башкы директорлугунун Израилдин чалгындоосуна каршы жүргүзгөн операцияларына байланыштуу социалдык медиадагы эсебинен бөлүштү.

2083402
Алтун Түркияда Моссадга жүргүзүлгөн операцияны түшүндүрдү

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, Улуттук чалгындоо уюму MİT менен Коопсуздук башкы директорлугунун Израилдин чалгындоосуна каршы жүргүзгөн операцияларына байланыштуу президент Режеп Таййип Эрдоган: «Мындай нерсеге аракет кылгандар мунун кесепеттери өтө олуттуу болушу мүмкүн экенин унутпашы керек. Түркиянын чалгындоо жана коопсуздук тармагында жетишкен ийгиликтерин дүйнө жүзүндө билбеген адам жок»,-деп айткан сөздөрү менен бөлүштү.

Фахреттин Алтун, социалдык тармактагы билдирүүсүндө, президент Эрдогандын 6-декабрда Катар сапарынан кайтып келгенден кийин Американын Wall Street Journal гезитиндеги «Израилдин арасында Түркия да болгон Палестинанын тышында жашаган Хамас мүчөлөрүнө каршы кол салуу пландары бар» деген кабар эске салынганы боюнча журналисттерге жазган билдирүүсүнүн бир бөлүгүн киргизген.

Алтун президент Эрдогандын төмөнкү сөздөрүн бөлүштү: «Бул алар Түркияны билишпейт дегенди билдирет. Алар түрктөрдү билишпейт. Бизди билишпейт. Эгер алар ушундай жаңылыштыкка батынышса, бул үчүн алар өтө оор чыгымды төлөй турганын билиши керек. Түркияда мындай кадамга батына турган болсо, кайра эч качан тура албай турган бааны төлөөгө дуушар болушат. Мындай аракет кылгандар анын кесепети өтө олуттуу болушу мүмкүн экенин унутпашы керек. Түркиянын чалгындоо жана коопсуздук жаатындагы жетишкендиктерин дүйнөдө билбеген эч ким жок. Анын үстүнө биз кечээ эле түзүлгөн мамлекет эмеспиз. Муну эч ким унутпашы керек»,-деди.

Түркияда Израилдин тышкы чалгындоо кызматы болгон Моссаддын атынан «эл аралык тыңчылык» иштерин жүргүзгөн 46 шектүүнүн өздүгү аныкталып, бул кишилерден 34ү кармалды.



Тектеш кабарлар