MIT ДЕАШтын лидерин Халебде кармады

Террорчу Аль Жунди, MIT менен Сириянын улуттук армиясынын жергиликтүү коопсуздук күчтөрү тарабынан «Евфрат калканы» операциясы аймагында жүргүзүлгөн операцияда тирүү колго түшүрүлдү.

2082731
MIT ДЕАШтын лидерин Халебде кармады

Улуттук чалгындоо уюму (MİT) Сириянын Халеб шаарында «Евфрат калканы» жана «Зайтун бутагы» операциясы аймагында түрк коопсуздук күчтөрүнө каршы кыймылга даярданып жаткан террордук уюм ДЕАШтын жооптуусу делген Абдуллах Аль Жунди колго түшүрдү.

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда MİT, ДЕАШтын лидери деп аталган «Хаттаб Ел Мухажир» каймана аттуу Абдуллах Аль Жундинин Сирияда түрк коопсуздук күчтөрүнө таандык унааларга кол салууну пландаганын аныктады.

Террорчу Аль Жунди, MIT менен Сириянын улуттук армиясынын жергиликтүү коопсуздук күчтөрү тарабынан «Евфрат калканы» операциясы аймагында жүргүзүлгөн операцияда тирүү колго түшүрүлдү.

Жунди билдирүүсүндө ДЕАШтын «Евфрат калканы» жана «Зайтун бутагы» операциясы аймагында түрк коопсуздук күчтөрүнө каршы кыймылга даярданып жатканын мойнуна алды.

Террордук уюм ДЕАШ мүчөлөрүнүн бул алкакта маал-маалы менен чалгындоо иштерин жүргүзгөнүн бөлүшкөн Аль Жунди, кыймылга даяр турган уюм мүчөлөрү тууралуу да маалымат берди.

Операция менен ДЕАШтын кыймыл пландарынын ачыкка чыкканы, уюмдун иш-аракеттеринин үзгүлтүккө учурагандыгы жана уюмга таандык көп сандагы санариптик материалдын колго түшүрүлгөнү белгиленди.



Тектеш кабарлар