Путин Эрдоганга жаңы жылдык куттуктоо жиберди

Россиянын президенти Владимир Путин Москва менен Анкаранын келерки жылы эки тараптуу саясий диалогду өнүктүрүүнү уланта турганын билдирди.

2082407
Путин Эрдоганга жаңы жылдык куттуктоо жиберди

Россиянын президенти Владимир Путин Москва менен Анкаранын келерки жылы эки тараптуу саясий диалогду өнүктүрүүнү уланта турганын билдирди.

Кремлден берилген билдирүүгө караганда Путин жиберген билдирүүлөрү менен кээ бир өлкөнүн лидерлерин жаңы жылы менен куттуктады.

Президент Режеп Таййип Эрдоганга жаңы жылдык куттуктоо жиберген Путин, Россия  менен Түркиянын ортосунда көп тармактуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн акыркы мезгилде көп иштердин жасалганын баса белгиледи.

Эки өлкөнүн тең чоң энергетика жана инфраструктура долбоорлорун биргелешкен аракеттер менен ишке ашырганын эске салган Путин, Россия менен Түркиянын аймактык кагылышуулардын чечилишине да салым кошконун белгиледи.

Путин: «Алдыбыздагы жылы Москва менен Анкара Евразия континентинде коопсуздукту жана ырааттуулукту бекемдөө максатында, дос элдердин жыргалчылыгы үчүн түрдүү тармактарда түшүмдүү кызматташтыкты жана эки тараптуу саясий диалогду өнүктүрүүнү улантат»,-деди.



Тектеш кабарлар