Япон студенттер түк ашканасы боюнча курстан өтүштү

Түркия келген япон группа алгач Кападокия жана Стамбулдагы тарыхый жерлерди кыдырышты.

2081398
Япон студенттер  түк ашканасы боюнча курстан өтүштү
japon ogrenciler turk yemekleri.jpg
japon ogrenciler turk mutfagi.jpg
japon ogrenciler turk yemekleri.jpg
japon ogrenciler turk yemekleri.jpg
japon ogrenciler turk yemekleri.jpg

Япониянын тамак  - аш   илими жана тамактануу бөлүмүнүн студенттери Стамбулда түрк ашканасы боюнча курстан өтүштү.

Япониянын Мукогава кыз - келиндер  университети менен Бахчешехир университетинин ортосундагы студент алмашуу программасынын алкагында Түркияга келген тамак  - аш   илими жана тамактануу бөлүмүнөн 16 студент жана эки академик түрк ашканасынан сабак алышты жана   ресторандар менен нан бышыруучу жайлардын мастерлеринен баклава, лахмажун бышырууну үйрөнүштү.

Түркия келген япон группа алгач Кападокия жана Стамбулдагы тарыхый жерлерди кыдырышты.

Түрк маданияты жана Стамбул тууралуу маалыматтарды алган япон студенттер Бахчешехир университетиндеги сабактарга катышты.

Тамак - аш илими жана тамактануунун негизинде  түрк ашканасындагы  айран, туздалган  жашылчалар жана уксус сыяктуу мисалдар менен ачытуу тууралуу сабак алышты.

Баклава өндүрүү жайларын изилдеген студенттер камырдын жасалышынан тарта   бардык баскычтары көрсөтүлдү.

Баклава жана кондитердик азыктардын түрлөрүн  жасалышы тууралуу маалыматтарды алган  студенттер барган кебапчыларда да лахмажун, кебаптын даярдалышын үйрөнүштү. 

Япон студенттер жүзүм жалбырагын да орошту. 

Башакшехир университетинин прикладдык илимдер окуу жайынын директору, илимдин доктору  Дилистан Шипман эки университеттин ортосундагы бул карым  - катнаштын максатынын өз ара маданияттарды таануу жана академиялык иштерди студенттер жана мугалимдер базасында ишке ашыруу экендигин айтты. 

 

 



Тектеш кабарлар