Эрдоган илимпоздорго чакырык таштады

Президент Эрдоган Анкарадагы Бештепе улуттук конгресс жана маданият борборунда өткөрүлгөн Түркиянын Илимий жана техникалык изилдөө кеңеши (TÜBİTAK) жана Түркия илимдер академиясынын (TÜBA) илим сыйлыктарын тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү.

2081479
Эрдоган илимпоздорго чакырык таштады

Президент Режеп Таййип Эрдоган Газада адамдык абийирди коргогону үчүн кысымга кабылган илимпоздорго чакырып: «Түрк университеттеринин эшиги сиздер үчүн ачык»,-деди.

Президент Эрдоган Анкарадагы Бештепе улуттук конгресс жана маданият борборунда өткөрүлгөн Түркиянын Илимий жана техникалык изилдөө кеңеши (TÜBİTAK) жана Түркия илимдер академиясынын (TÜBA) илим сыйлыктарын тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү.

Эрдоган Израилдин Газадагы кыргындарына карата каршы чыгуусун кайталады.

Эрдоган Израилдин Газага кол салууларында Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинен Европа Биримдигине чейин демократиянын элчиси болгон бардык мекемелердин, басма сөз уюмдарынын жана журналисттик уюмдарынын ийгиликсиз болгонун баса белгилеп: «Чоң сүйлөп жана чоң бюджеттерди короткон мекемелердин Израиль менен Израилдин мыкаачылыктары жөнүндө сөз болгондо таптакыр ичи бош экенин түшүндүк»,-деди.

Эрдоган 7-октябрдан бери басып алган Палестина жерлеринде кыргындарды кылып жаткан Израилге кайрылып:«Сиздин Гитлерден эмне айырмаңыз бар? Булар бизди Гитлерди да издөөгө мажбурлайт. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кылгандарынын Гитлерден айырмалана турган бир жери калдыбы? Жок»,-деп кесе айтты.

Президент Эрдоган: «Тилекке каршы бир гана эл аралык уюмдар эмес, Батыштын алдыңкы университеттери да Газа классында банкрот болду»,-деди.

80 жыл мурунку нацисттик Германиядагыдай Газадагы зулумду «зулумдук» деп айтууга батынган илимпоздор да кысым жана коркутууларга дуушар болуп жатканын айткан президент Эрдоган: «Газада адамдык аброюн коргогону үчүн зулумдукка дуушар болгон илимпоздорго кайрылам, түрк университеттеринин эшиги сиздер үчүн ачык»,-деди.



Тектеш кабарлар