Габардагы мунай өндүрүшү

Алпарслан Байрактар ​​борбор шаар Анкарада жаштар менен жолугушуп, Кара деңиз жаратылыш газынан Габар мунайзатына чейин көптөгөн темада суроолорго жооп берди.

2079384
Габардагы мунай өндүрүшү
alparslan bayraktar-gencler.jpg
gabar-petrol uretimi.jpg

Шырнактын Габар тоосунда күнүмдүк мунай өндүрүү 30 миң баррелден ашты.

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар ​​борбор шаар Анкарада жаштар менен жолугушуп, Кара деңиз жаратылыш газынан Габар мунайзатына чейин көптөгөн темада суроолорго жооп берди.

Байрактар ​​алдыбыздагы 30 жылда Түркияны энергетикада тышкы көз карандылыктан куткарууну максат кылгандарын айтты.

2020-жылдын 21-августунда Кара деңиздеги Сакария газ кенинде Республика тарыхындагы эң чоң жаратылыш газынын табылганын эске салган Байрактар, бул жер толук өндүрүшкө киргенде Түркиянын муктаждыгынын 25-30 пайызын камсыздай ала турганын маалымдады.

Габарда табылган мунайга да токтолгон Байрактар: «Учурда күнүмдүк өндүрүшүбүз 30 миң баррелден ашты. Габар сыяктуу балким, өзүбүздүн кургактык чек араларыбызда жаратылыш газынын ар кандай кендерин табуу менен Түркиянын бул тармактагы тышка көз карандылыгын жоебуз»,-деди.



Тектеш кабарлар