Түркия Кытайга көңүл айтты
Кытайдын Синьхуа агенттигинин кабарына караганда эпицентри Цишишан Баоан-Донсян жана Саляр автоном округунда күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Түркия Кытайдын түндүк - батышындагы Гансу жана Цинхай провинцияларында болгон жер титирөөдөн улам көңүл айтуу жарыялады.
Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө : "Кытай Эл Республикасынын Гансу жана Цинхай провинцияларында 2023 - жылдын 18 - декабрында болгон жер титирөөдө каза болгондор үчүн көңүл айтабыз",- деп билдирилди.
Билдирүүдө каза болгондордун үй - бүлөлөрүнө, Кытай элине жана өкмөтүнө көңүл айтылып, жаралуулардын бат айыгып кетишинин каалангандыгы белгиленди.
Кытайдын Синьхуа агенттигинин кабарына караганда эпицентри Цишишан Баоан-Донсян жана Саляр автоном округунда күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Алгачкы эсептөөлөр боюнча, Ганьсу провинциясында жер титирөөдөн 105 адам, коңшулаш Цинхай провинциясында 13 адам каза болгон.