Алтун Венгрия менен кызматташтыкты өнүктүрүүнү максат кылган меморандумдун пайдалуу болушун каалады
Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун бул тууралуу соцтармактан маалымат берди.
Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун Түркия менен Венгриянын ортосунда аудиовизуалдык саясат жана өкмөттүк байланыш тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү максат кылган меморандумдун пайдалуу болушун каалады.
Алтун соцтармактан берген билдирүүсүндө президент Режеп Таййип Эрдоган жана Венгриянын премьер - министри Виктор Орбандын алдында Венгриянын тышкы иштер жана тышкы соода министри Петер Сиярто менен меморандумга кол койгондорун белгилеп, буларды айтты : "Меморандум менен эки өлкөнүн ортосунда коммуникация, маалымат жана тажрыйба алмашуу, өз ара пайдалуу демилгелер жана долбоорлор боюнча кызматташуу камсыздалат. Түркия менен Венгриянын аудиовизуалдык саясат жана өкмөттүк байланыш тармагындагы кызматташтыгынын өнүктүрүлүшүн максат кылган меморандумдун пайдалуу болот деп үмүттөнөм».
Тектеш кабарлар
Йылмаз «Өнүгүү жолу долбоору» тууралуу маанилүү билдирүүлөрдү жасады
Йылмаз: «Түркия бул долбоор менен стратегиялык абалын дагы да арттырат»,-деди.