Габарда суткасына 30 миң баррель мунай өндүрүлүүдө
Түрк мунайзаттар корпорациясынын (TPAO) X социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, "Габарда рекорддук өндүрүш. Күнүнө 30 миң баррель мунай" деп маалымдалды.
Шырнактын Габар тоо аймагында күнүмдүк мунай өндүрүү 30 миң баррелге жетти.
Түрк мунайзаттар корпорациясынын (TPAO) X социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, "Габарда рекорддук өндүрүш. Күнүнө 30 миң баррель мунай" деп маалымдалды.
Постто «Шырнактын Габар тоо аймагында, Шехит Эсма Чевик жана Шехит Айбүке Ялчын талаасындагы жалпы 23 скважинада күнүнө 30 миң баррель мунай өндүрүүдөбүз. 2023-жылдын акырына карата максатыбыз күнүнө 35 миң баррель мунай, 2024-жылдын акырына карата максатыбыз болсо күнүнө 100 миң баррель мунай. Бул ийгилик өлкөбүздүн энергетикалык көз карандысыздыгы үчүн ташталган бекем кадамдарыбыздын чагылышы. Биз муну сыймыктануу менен бөлүшөбүз»,-деп айтылды.
Тектеш кабарлар
Вице-президент Йылмаз Өзбекстанда
Вице-президент Йылмаз жолугушууга байланыштуу билдирүүсүндө төмөнкүлөргө токтолду.