Түркиядан Дүйнөлүк адам укуктар күнүнө карата билдирүүлөр айтылууда

Нуман Куртулмуш 10-декабрь Бүткүл дүйнөлүк адам укуктары күнүнөн улам социалдык медиа эсебинен билдирүү бөлүштү. Тышкы иштер министри Хакан Фидан да Дүйнөлүк адам укуктары күнүн белгилеп, Газадагы абалга көңүлдөрдү бурду.

2074725
Түркиядан Дүйнөлүк адам укуктар күнүнө карата билдирүүлөр айтылууда
adalet bakani yilmaz tunc.jpg
mehmet nuri ersoy.jpg
cevdet yilmaz.jpg
hakan fidan.jpg

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Нуман Куртулмуш 10-Декабрдын Бүткүл дүйнөлүк адам укуктары күнүнүн бүткүл дүйнө, өзгөчө согуш жана геноцид менен талкаланган газалыктарга чыгуунун жолу, чечим чекити жана кутулуу жолу болушун каалады.

Нуман Куртулмуш 10-декабрь Бүткүл дүйнөлүк адам укуктары күнүнөн улам социалдык медиа эсебинен билдирүү бөлүштү.

Куртулмуш кечээ Иракта, Сирияда, Сребреницада, бүгүн болсо Газада адамдык жана адам укуктары азап чегип жатканын баса белгилеп: «Адам укуктары универсалдуу болуп саналат, бардыгын бирдей камтууга жана коргоого тийиш»,- деди.

Нуман Куртулмуш Түркиянын адамзаттын келечеги үчүн демилгени колго алууга жана жол көрсөтүүгө ар дайым даяр экенин баса белгиледи.

Вице-президент Жевдет Йылмаз да социалдык медиа эсебинен билдирүү жасап: «Газада болуп жаткандарга карата мамиле адам укуктарына карата чын ыкластуулуктун сыноосу. Газа үчүн ок атышпоого макул деп да айта албагандардын адам укуктары тууралуу сөз кылууга укугу жок»,-деп айтты.

Тышкы иштер министри Хакан Фидан да Дүйнөлүк адам укуктары күнүн белгилеп, Газадагы абалга көңүлдөрдү бурду.

Министр Фидан социалдык тармактагы билдирүүсүндө: «Газадагы жарандарга карай кыргынды токтотуу жана туруктуу тынчтыкты орнотуу үчүн чара көрүү бардык өлкөлөрдүн орток милдети»,-деди.

Хакан Фидан: «Түркия Палестина элине карай болуп жаткан бул кыргындарды токтотуу үчүн аракетин улантат»,-деп айтты.

Адилет министри Йылмаз Тунч негизги укуктардын кол тийбестигине басым жасаган билдирүүсүндө:«Адамдын кадыр-баркын сыйлаган адилеттүү дүйнө үчүн адам укуктары корголушу керек, бирок көптөгөн аймактарда, өзгөчө Палестинада адам укуктарынын тебеленип жатышы адамзаттын келечеги үчүн тынчсыздандырууда»,- деди.

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой да эл аралык коомчулукту туруктуу тынчтыкка чакырып, мындай деди:«Биз эл аралык коомчулукту Палестинада зулумду токтотууга жана Адам укуктарынын жалпы декларациясынын принциптерине берилгендигибизди бекемдөө менен аймакта туруктуу тынчтыкка көмөктөшүүгө чакырыгыбызды кайталайбыз».



Тектеш кабарлар