Мехмет Шимшектин инвестициялык сапары уланууда

Казына жана каржы министри Мехмет Шимшектин кийинки аялдамасы Европа Биримдигинин (ЕБ) мөөнөттүү төрагасы Испания болот.

2074729
Мехмет Шимшектин инвестициялык сапары уланууда

Казына жана каржы министри Мехмет Шимшектин инвестициялык сапары уланууда.

Шимшектин кийинки аялдамасы Европа Биримдигинин (ЕБ) мөөнөттүү төрагасы Испания болот.

Министр Шимшекти борбор шаар Мадриддеги жолугушууларында Түркия Республикасынын Борбордук банкынын (ТРББ) төрайымы Хафизе Гайе Эркан да коштойт.

Шимшек менен Эркан 14-15-декабрда боло турган инвестор жолугушууларына жана конференциясына катышат.

Шимшек жалпы жүгүртүүсү 600 миллиард евродон ашкан Испанияда жайгашкан 80ден ашуун глобалдык фирманын жогорку даражалуу жетекчилери менен жолугушат.

Жолугушууларда Шимшек жана Эркан 2 триллион долларды башкарган 30дан ашуун банк жана фонд жетекчилери менен да жолугушат.

Сапардын алкагында эки өлкөнүн фирмалары күчтүү болгон базарлардагы мүмкүнчүлүктөр бааланат.

Түрк фирмаларынын Латын Америкасында, испан фирмаларынын да Түрк Республикаларында жана Кавказда көбүрөөк иш жүргүзүүсүнө жол ачат.

Шимшектин сапары Испаниянын Европа Биримдигине төрагалык кылуусу үчүн да маанилүү.

Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк процессине колдоо көрсөткөн өлкөлөрдүн арасында Испания да бар.

Шимшек инвестиция турунун алкагында Америка Кошмо Штаттары (АКШ), Англия, Франция жана Перс булуңундагы өлкөлөргө барды.

Министр Шимшек менен Эркан 11-январда АКШнын Нью-Йорк шаарында биринчи жолу Түркия Республикасынын Борбордук банкы (ТРББ) тарабынан өткөрүлө турган Инвестор күндөрүнө да катышат.



Тектеш кабарлар