Түркия Иракка көңүл айтты

Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги билдирди.

2074517
Түркия Иракка көңүл айтты

Түркия Ирактын Эрбил шаарында бир студенттер жатаканасында чыккан өрттө каза болгон  14 киши үчүн көңүл айтты.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : "Иракта Эрбилдин Соран районундагы жатаканада чыккан өрттө алгачкы белгилөөлөргө караганда  14 кишинин каза болгондугу жана жаралуулардын бар экендиги билдирилди. Өрттө каза болгондорго Аллахтын ырайымын тилеп, жакындарына жана Ирак калкына көңүл айтабыз, жаралуулардын бат айыгып кетишин каалайбыз",- деп айтылды. 

 



Тектеш кабарлар