Алтун санариптик доордо коомдук берүүнүн маанисинин жогорулаганын белгиледи

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы  Фахреттин Алтун «Санариптик доордо коомдук телерадиоберүү: кыйынчылыктар  жана мүмкүнчүлүктөр» сессиясынын ачылыш сөзүн сүйлөдү.

2074617
Алтун санариптик доордо коомдук берүүнүн маанисинин жогорулаганын белгиледи

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы  Фахреттин Алтун санариптик доордо коомдук берүүнүн маанисинин жогорулаганын белгилеп, Түркиянын радио жана телекөрсөтүү мекемеси ТРТны  мисал келтирди.

Алтун бул жылы Стамбулда  7-  өткөрүлгөн «TRT World Forum 2023» жыйынынын «Санариптик доордо коомдук телерадиоберүү: кыйынчылыктар  жана мүмкүнчүлүктөр» сессиясынын ачылыш сөзүн сүйлөдү.

Алтун коомдук телерадиоберүүчүлөрдүн  бир тараптан жогорку сапаттагы стандарттарын сактап, бир тараптан да  ылдам өзгөргөн тарматктар жана табиттерге кайрыла алышы керектигин айтып : «Коммуникация башкармалыгы  катары биз бул тенденцияларды жакшы билебиз жана коомдук телерадио берүүбүздүн флагманы болгон ТРТга чоң инвестицияларды жасоону максат кылуудабыз»,- деди.  

Санариптик доордо коомдук берүүнүн маанисин баса белгилеген Фахреттин Алтун бул процессте ТРТнын квалификациялуу берүүсүнө көңүлдөрдү бурду.

ТРТга салынган инвестициянын эбегейсиз натыйжа бергенин белгилеген Алтун : "Англисче, арапча жана башка аймактык тилдердеги эл аралык программаларыбыз көпчүлүк учурда белгиленген телерадиокомпаниялардын программалары менен атаандашууда",- деди. 

Дезинформация адамдын өмүрүнө, коомдун саламаттыгына, демократияга жана экономикага түздөн - түз коркунуч туудурганын баса белгилеген Алтун  чындык үчүн күрөшө турган чыныгы актерлордун коомдук телеканалдар экенин айтты.

 



Тектеш кабарлар