Эрдогандын Афина сапары грек басма сөзүндө

"Катимерини" гезитинин интертент сайтында : "Эрдогандын сапары оң өттү" деген темадагы кабарында сапардын оң атмосферада өткөндүгүн жана бул оң атмосфераны чагылдырган  12 фотосүрөттү бөлүштү.

2074271
Эрдогандын Афина сапары грек басма сөзүндө

Президент Режеп Таййип Эрдогандын Афина сапарына кенен орун берген Греция басмасы сапардын оң маанайда өткөнүн жана эки тараптуу карым – катнаштардын жаңы башталышы катары каралышы мүмкүн экендигин белгиледи.

Телеканалдар бул сапарды түз эфир аркылуу жарыялап, маалымат сайттары да кенен орун берди.

"Катимерини" гезитинин интертент сайтында : "Эрдогандын сапары оң өттү" деген темадагы кабарында сапардын оң атмосферада өткөндүгүн жана бул оң атмосфераны чагылдырган  12 фотосүрөттү бөлүштү. 

Өлкөнүн эң көп окулган кабар порталдарынан  "in.gr"  сапар тууралуу атайын кабарын "Мицотакис жана Эрдогандан биримдик билдирүүсү" деген темада билдирди. 

Кабарда президент Эрдогандын Афина сапарынын достук маанайда өткөнү баса белгиленди.

«CNN Greece» кабар порталы «Эрдогандын Афинадагы 7 сааты: макулдашуулар жана убадалар» аттуу кабарында президент Эрдогандын Афина сапарын «тарыхый» деп мүнөздөп, эки өлкө үчүн да оң деп бааланышы мүмкүн экенин белгиледи.

 

«Этнос» гезити Түркия менен Грециянын көп жылдык тирешүүдөн кийин жаңы барак ачканына көңүл бурган.

Президент Эрдогандын Афина сапарынын да эл аралык басма сөздө маанилүү орун алганы белгиленди.

 

Грециянын мамлекеттик телекөрсөтүүсү ERT, Жогорку деңгээлдеги Кызматташтык Кеңешинин (HLCC) жыйындарынын алкагында түзүлгөн келишимдер тууралуу кенен маалымат бөлүшкөн кабарында Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис жаз айында  борбор шаар Анкарага барууну пландаганын баса белгиледи.

 



Тектеш кабарлар