Эрдоган COMCEC жыйынына катышты

Президент Эрдоган Стамбул Конгресс борборундагы Ислам Кызматташтык Уюмунун Экономкалык жана соода кызматташтыгы боюнча туруктуу комитетинин (COMCEC) 39-министрлер сессиясынын ачылыш программасына катышты.

2072253
Эрдоган COMCEC жыйынына катышты

 

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Газадагы бейкүнөө адамдардын өлүмүнүн үстүнөн унчукпай өтүп, алтургай Хамас шылтоосу менен мыйзамдаштырууга аракет кылгандардын адамзатка айта турган бир ооз сөзү болбой турганын белгиледи.

Президент Эрдоган Стамбул Конгресс борборундагы Ислам Кызматташтык Уюмунун Экономкалык жана соода кызматташтыгы боюнча туруктуу комитетинин (COMCEC) 39-министрлер сессиясынын ачылыш программасына катышты.

Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Израилдин Газадагы кол салууларында шейит болгон ар 3 кишиден 2синин балдар, ымыркайлар жана аялдар экенин белгиледи.

Эрдоган: «Канчалаган бейкүнөө адамдардын өлүмүн унчукпай өткөрүп, ал тургай Хамас шылтоосу менен мыйзамдаштырууга аракет кылгандардын адамзатка айта турган бир да сөзү болбойт»,- деди.

Бириккен Улуттар Уюмундагы добуш берүүдө бир тарапта «согуш токтосун, мындан ары кан төгүлбөсүн» деп айткан 121 өлкө болсо, каршы тарапта Израилдин кол салууларына бош чек берген 3-5 өлкө бар экенин айткан Эрдоган: «Ушул 3-5 мамлекет макул дегенден кийин гана чара көрө турган глобалдык механизм бар, мындай түзүлүштүн тынчтык алып келиши, чыр-чатактарды токтотуу, адамзатка үмүт бериши мүмкүн эмес»,-деди.

Эрдоган, түзүлүү максаты Палестина доосун коргоо болгон Ислам Кызматташтык Уюмунун бир добуштан, бир дене болуп күрөш жүргүзүү үчүн маанилүү негиз түзгөнүн белгиледи.

«Израиль бар экенин өзү мойнуна алган өзөктүк курал маселесинин унутулушуна жол бербейбиз. Израилдин атомдук бомбасы барбы? Бар, бирок сурасаң жок дешет»,-деп айткан  Президент мындай деди: «Азыркы Газанын касапчысы (Израилдин премьер-министри Беньямин) Нетаньяху согуш кылмышкери эле эмес, ал сөзсүз түрдө (Сербиянын жана Югославиянын мурдагы президенти Слободан) Милошевич соттолгондой эле Газанын касапчысы катары соттолот»,-деди.

Президент Эрдоган, башка амбицияларды көздөгөн израилдик башкаруучуларга : «Газа палестиналыктардын жери, Газа палестиналыктарга таандык жана түбөлүккө ушундай бойдон кала берет»,- деди. Ал дагы бир жолу чындыкты эске салгысы келгенин белгиледи.

Аймакта тынчтыктын жолунун Палестина мамлекетинин негизделишинен өткөөрүн баса белгилеген Эрдоган: «Тынчтыкты камсыз кылуу үчүн биз кепилдикти кошкондо ар кандай жоопкерчиликти алууга даярбыз»,- деди.

 

 



Тектеш кабарлар