Түркия Эл аралык Деңизчилик Уюмунун кеңешине кайрадан мүчө болду

Бул туралуу Тышкы иштер министрлиги маалымат берди.

2071681
Түркия Эл аралык Деңизчилик Уюмунун кеңешине кайрадан мүчө болду

Түркия Эл аралык Деңиз Уюмунун  кеңешинин мүчөсү болуп кайра шайланды.

Тышкы иштер министрлигинин темага байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө,  Эл аралык Деңиз Уюмунун кеңешине мүчөлүк шайлоонун Британиянын борбор шаары Лондондо өткөн Эл аралык Деңиз Уюмунун  33 - Башкы ассамблеясынын жыйынынын алкагында өткөнү маалымдалды.

Бул шайлоодо Түркия талап болгон жана кеңештин мүчөлүгүнө кайрадан шайлангандыгы белгиленген маалыматта булар белгиленди : "Биринчи жолу талапкер болгон  1999 - жылдан тарта эки жылда бир өткөрүлгөн кеңеш шайлоосунун баарында мүчөлүккө шайланган  Түркия  деңизчилик тармагында ээ болгон мүмкүнчүлүк жана тажрыйбасы менен  Эл аралык Деңиз Уюмунун иштерине так салым кошууну улантат". 

 

 



Тектеш кабарлар